Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-июну № 257-б
Көрүнүктүү драматург, кинодраматург, прозаик, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын (Казакстан) лауреаты Бексултан Жакиевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар үчүн Кыргыз Республикасынын Иш башкармалыгына 50 000 (элүү миң) сом бөлүнсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |