Редакцияот 27.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2011-жылдын 27-сентябры № 469-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Түркиянын Экспорттук-кредиттик банкына бересесин кечүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган, жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты тарабынан тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашуунун расмий жана англис тилдерде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

 Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

 

Ө. Бабанов