Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-ноябры № 522-б
Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгегин таануу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкү адамдар сыйлансын:
Демченко Борис Иванович | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учууга жарактуулукту колдоо бөлүмүнүн улук инспектору;
|
Кульчаров Жумгал Жапарович | - «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун сапатты контролдоо боюнча инспекциясынын начальниги;
|
Исмаилов Азиз Абдрахманович | - «АeroStan авиакомпаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
|
Березенцев Александр Викторович | - «Кыргызстан» авиакомпаниясы» ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары;
|
Имаров Амирбек | - «Баткен» аэропортунун начальниги;
|
Токтосунов Асан Иосифович | - «Компания Манас Менеджмент» жабык акционердик коомунун президенти. |
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |