Редакцияот 11.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 11-ноябры № 526-б

Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованын туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

 

Шакиев Н.Т.

- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

 

Азыранкулов А.Ж.

- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Асанов Б.А.

- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;

 

Алканов Р.А.

- «Алканов жана Компания» жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти (макулдашуу боюнча);

 

Абдрахманов Т.А.

- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

 

Абыкеев Ч.А.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Абдрахман уулу Шайырбек

- «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Жолдошева Ж.А.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Казакбаев Р.А.

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

 

Мамырова Б.А.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Момбеков Р.Ч.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Өмүрбекова А.С.

- Бишкек шаарынын Ленин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;

 

Орунбеков Б.О.

- «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор;

 

Өмүркулов И.Ш.

- Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

 

Оторбаев К.Т.

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Рысалиев З.К.

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

 

Салымбеков А.М.

- «Дордой» ассоциациясынын президеити (макулдашуу боюнча);

 

Слащева Т.М.

- «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору - башкы редактор;

 

Үсөнбаев М.А.

- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;

 

Эрматов Э.Э.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча).

 

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаранын планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чара менен байланышкан чыгымдар тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республыкасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

 

Ө. Бабанов