Редакцияот 05.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 5-декабрындагы № 550-б

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору, медицина илимдеринин доктору Данияров Санжарбек Бакировичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына жана анын сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:

1. Сөөк коюуну даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) төмөнкү курамда түзүлсүн:

 

Жумабеков С.А.

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

 

Кудаяров Д.К.

- академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

 

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Бадыкеева Н.Н.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Иманалиев К.К.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Исаков Э.Б.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Абдраимов Т.Д.

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

 

Садыков К.Ж.

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

 

Рысалиев З.К.

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

 

Өмүркулов И.Ш.

- Бишкек шаарынын мэри;

 

Асанов Б.А.

- Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;

 

Зурдинов А.З.

- И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору;

 

Мамакеев М.М.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);

 

Мамытов М.М.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);

 

Раимжанов А.Р.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);

Иманбаев С.И.

- коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).

 

2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- жарандык коштошуу зыйнатын өткөрүү датасы - 2011-жылдын 6-декабры, саат 10:00, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунда;

- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналар колоннасынын кыймыл коопсуздугун камсыз кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын биринчи

вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу,

Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

 

Ө. Бабанов