Редакцияот 05.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 5-декабры № 551-б

Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы жарандык паспорттору менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин чечүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен «Интел Линкс» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун жасоо жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын персоналдаштыруу жөнүндө келишимдин (мындан ары - Келишим) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын биринчи

вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу,

Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

 

Ө. Бабанов