Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 24-октябры № 499-б
Жеке финансылык институттар Кыргызстандын айылдык региондорунда майда, чакан жана орто ишканаларга сунуш кылуучу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу кеңейтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын ("Алуучу") атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Франкфурт-на-Майне KFW (KFW) ортосундагы "Айылдык региондордо финансылык системаны өнүктүрүү" долбоору боюнча 7,5 млн евро суммасында каржылоо жөнүндө келишимдин расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Бирничи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |