Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-декабры № 563-б
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы үчүн 2011-жылдын 31-декабры жумуш күнү болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын банк-агенттерине 2011-жылдын 31-декабрын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |