Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-декабры № 564-б
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга оңдоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда жетишилген макулдашууларга байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-каттын тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кат алмашуу жолу менен түзүлүүчү Макулдашуу-катка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |