Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-декабры № 565-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа союзунун ортосундагы «Борбордук Азияда уран көмүлгөн жерлерди калыбына келтирүү боюнча мыйзамдык жана укуктук алкактарды түзүү» долбоору боюнча финансылык макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа союзунун ортосундагы «Борбордук Азияда уран көмүлгөн жерлерди калыбына келтирүү боюнча мыйзамдык жана укуктук алкактарды түзүү» долбоору боюнча финансылык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |