Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-декабры № 567-б
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаардык ТЭЦи 2011/2012-жылдын жылытуу мезгилин тийиштүү түрдө өткөрүшү максатында:
1. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна 2011/2012-жылдын жылытуу мезгилинде 20 миң тонна көлөмдөгү отундук мазутту бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу сунушталсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |