Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 18-июну № 237-б
Бишкек шаарында 2011-жылдын 20-21-июнунда болуучу "Экономиканы калыбына келтирүүнү колдоо" долбоорун талкуулоо боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Сүйлөшүү тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, сүйлөшүү тобунун жетекчиси;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Алтыбаева А.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Сабиров М.Э. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү;
Ташбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Шадиев А.А. - Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Примов А.А. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Жеенбаева Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ибраимова Ч.И. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
Изаев А.С. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтык протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |