Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-июну № 242-б
Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун губернатору В.А. Юрченконун 2011-жылдын 25-27-майында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарына болгон иш сапарын даярдоо менен байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына 386 000 (үч жүз сексен алты миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |