Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-августу № 339-б
Кыргыз Республикасы менен Петробарт Лимитеддин ортосундагы пикир келишпестиктерди биротоло жөнгө салуу жана 2005-жылдын 16-мартындагы Энергетикалык Хартия келишими боюнча Стокгольм шаарындагы Соода палатасы Арбитраждык институтунун чечиминен келип чыгуучу Петробарт Лимитедге Кыргыз Республикасынын карызын жоюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Петробарт Лимитеддин ортосундагы Жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун расмий жана англис тилдериндеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |