Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-августу № 340-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 130-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басарына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 130-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |