Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 24-августу № 366-б
Баткен облусунун Исфана жана Сүлүктү шаарларын туруктуу социалдык-экономикалык өңүктүрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Баткен облусунун Исфана жана Сүлүктү шаарларынын шаар ичиндеги жолдорун (мындан ары - объекттер) реабилитациялоо боюнча Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгы заказчы-куруучу (мындан ары заказчы-куруучу) болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылга «Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каралган финансылык каражаттарды ресиубликалык бюджеттен заказчы-куруучуга бөлсүн:
- Исфана шаарынын ички жолдорун реабилитациялоого - 6000000 (алты миллион) сом;
- Сүлүктү шаарынын ички жолдорун реабилитациялоого – 7000000 (жети миллион) сом.
3. Заказчы-куруучуга бир булактан алуу ыкмасы менен объекттерди ремонттоо үчүн консультациялык, курулуш кызмат көрсөтүүлөрүн жана долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратнынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |