Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-августу № 372-б
Кыргыз Республикасына өтөгөн өзгөчө кызматтарын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 20 жылдыгын майрамдоого байланыштуу төмөндөгү адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:
Абыкеев Кыдыр Кубанович - "Авангард Стиль" курулуш компаниясынын башкы директорунун орун басары;
Бекчороев Жакыпбек Темирович - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин капиталдык курулуш жана ремонт башкармасынын начальнигинин орун басары;
Качкенчиева Анаркүл Ильясовна - "Таш-Темир" ачык акционердик коомунун форма цехинин начальниги;
Кулбатыров Жанузак Бейшенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы Кыргыз шаар куруу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун бөлүм башчысы;
Сыйдалиев Акжолтой - "Тажрыйбалык-эксперименттик механикалык завод" жоопкерчилиги чектелген коомунун кол менен ширетүүчү электр-газ ширетүүчүсү;
Темирбулатов Ришат Тукфятович - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын эксперттик тобунун жетекчиси.
Премьер-министр | А.Атамбаев |