Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-августу № 374-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо максатында:
1. "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна катышуусунун үлүшү үчүн эсептелген дивиденд катары алынган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин эсебине төлөөнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна катышуусунун үлүшү үчүн эсептелген "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын каражаттарын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |