Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 6-сентябры № 391-б
Курманжан Датка жылына, Кыргыз Республикасынын көз карындасыздыгынын 20 жылдыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорго арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде өрт коопсуздугун камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттикке техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кошумча иш-чарларды жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 10 (он) миллион сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик ушул буйруктун 1-пунктуңда аталган бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |