Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 6-сентябры № 393-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы нефтегаз жаатындагы узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле көмүрсуутек кендерин өздөштүрүү жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында иштетүү максатында:
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетинин бөлүгүн менчиктештирүү алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө 2008-жылдын 9-октябрындагы меморандумдун алкагында кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелери боюнча, Кыргыз Республикасынын нефтегаз чыгуучу келечектүү аянттарында кендерди геологиялык изилдөөнү жүргүзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө 2007-жылдын 14-майындагы макулдашуунун алкагында кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын он үчүнчү жыйынынын 2011-жылдын 12-апрелиндеги протоколун аткаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |