Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 9-сентябры № 398-б
Күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу боюнча координациялык штабдын ишин камсыздоо масатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрилиги Күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу боюнча координациялык штабдын милдеттеринини алкагында иш-чараларды жүргүзүү үчүн операциялык топторго төмөнкүдөй сандагы күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлсүн:
- дизелдик май – 5 тоннага чейин;
- бензин (АИ-80 же АИ-92) – 5 тоннага чейин,
- авиациялык керосин – 6 тоннага чейин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрилиги иш жүзүндө бөлүп берген, ушул байруктун 1-пункунда көрсөтүлгөн күйүүчү-майлоочц материалдардын ордун толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Өнүктүрүү фондунан керектүү каражат бөлсүн.
3. Буй буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коорсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |