Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-сентябры № 417-б
Кыргыз элинин гүлдөп өсүшү жана эркиндиги үчүн адамдардын өмүрүнүн баасы менен ишке ашырылган Апрель элдик революциясынын Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый маанисин эске алып, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасы Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" борбордук аянтында (Чүй проспектинде) жана "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында эстеликтерди долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп аныкталсын.
2. Эстеликтерге негиз катары Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу 2010-жылдын 7-июнунда өткөрүшкөн, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча ачык архитектуралык-сүрөттүк конкурстун жюриси сунуш кылган эстеликтердин долбоорлору алынсын:
- 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында набыт болгон Кыргызстандын баатырларынын ысымдарын түбөлүккө калтыруу боюнча мемориалдык комплекс, Бишкек шаарынын борбордук аянтында, Чүй проспектинде (авторлору: скульптор С.Ажиев, архитекторлор: Бейшенбаев У.А., Чыналиев Н.);
- 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу боюнча мемориалдык комплекс, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында ("АКАТА" чыгармачыл өнөрканасынын жетекчиси Алыкулов К.М., долбоордун башкы архитектору - Бейшенбаев У.А.).
3. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасына Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында жана "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында эстеликтерди куруу үчүн аткаруучу уюмдарды бир булактан алуу ыкмасы менен аныктоого уруксат берилсин.
4. 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын 2011-жылдын 28-июлундагы № 10, ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн эстеликтерди долбоорлоо жана куруу үчүн 39000000 (отуз тогуз миллион) сом өлчөмдө каражат бөлүү жөнүндө чечимине макулдук берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |