Редакцияот 19.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 19-сентябры № 426-б

Кыргызстандан жана Тажикстандан электр энергиясын Афганистанга жана Пакистанга экспорттоо каралган "Борбордук Азия жана Түштүк Азия региондук электр энергия рыногу" (CASAREM) долбоорун ишке ашыруунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында:

1. "CASA-1000" электр энергия берүү долбоорун өнүктүрүү жана Борбордук Азия - Түштүк Азия региондук электр энергия рыногун (CASAREM) андан ары өнүктүрүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

            Премьер-министр

А.Атамбаев