Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 17-августу № 413-б

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 140-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхый инсан - чоң манап Ормон хан Ныязбек уулунун 220 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды 2012-2013-жылдарда даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

Талиева К.А.

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Исаев К.К.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Раев С.А.

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Садыков И.А.

-

коомдук ишмер, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Турсунбеков Ч.А.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Өмүркулов И.Ш.

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Садыков К.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Султанов К.И.

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Лаврова О.В.

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Эркебаев А.Э.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;

Муратбеков К.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Азыранкулов А.Д.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Асанакунов М.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Оттукташов А.Ш.

-

Жеке ишкер, Ормон хандын тууганы (макулдашуу боюнча);

Токтогазиев Ж.К.

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Салымбеков А.М.

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 140-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин жана юбилейлик иш-чараларды өткөрсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 140-б буйругунун редакциясына ылайык)

2-1. Министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына уюштуруу комитети бекиткен иш-чараларды ишке ашыруу тапшырылсын жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүшсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 140-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 140-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов