Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-январы № 7-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы 1995-жылдын 23-июнундагы Коопсуздук жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколдун (мындан ары - Кошумча протокол) долбоорун иштеп чыгуу жана кол коюуга даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүн тартуу менен ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - Ведомстволор аралык жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Абдусаматова К.К. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын эл аралык укуктук бөлүмүнүн начальниги;
Үмөталиев Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматты коргоо бөлүмүнүн аскерлерди жашыруун башкаруу каражаттары бөлүмчөсүнүн начальниги;
Кайкиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык укуктук департаментинин директору;
Турсункулов К.Э. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык укуктук департаментинин эксперти;
Дүйшеев А.А. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси;
Тарыкбаев У.Э. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү;
Үмөтова Н.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кошумча протоколдун долбоорун иштеп чыксын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана Кошумча протоколдун долбоорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул буйрукту ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди координациялоого жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ квартал сайын Кошумча Протоколдун долбоорун кол коюуга даярдоо боюнча иштин жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берип турсун.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |