Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-январы № 16-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Финансылык секторду өнүктүрүү" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - делегация) төмөнкү курамда бекитилсин:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси.
Делегация мүчөлөрү:
Сариев Т.А. - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;
Султанов К.И. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Шыкмаматов А.Н. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Келдибеков А.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Пирматов И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Скрипкина Г.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Чокоев З.Л. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Ибраимова Ч.И. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
Бактыгулова К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору.
2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |