Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-февралы № 31-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 19-январындагы № 8 буйругуна ылайык стратегиялык инвесторго "Залкар Банк" ачык акционердик коомун сатуу программасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү жөнүндө Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Төмөнкү курамда сүйлөшүүлөр тобу түзүлсүн:
- Банктарды өзгөртүп түзүү жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин (ДЕБРА) директору, сүйлөшүүлөр тобунун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, сүйлөшүүлөр тобунун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын акча-кредиттик саясат жана финансылык мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн донордук жардамды координациялоо секторунун башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- "Залкар Банк" ачык акционердик коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Сүйлөшүүлөр тобунун жетекчисине зарыл учурда иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө,экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |