Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-февралы № 32-б
Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүүгө жана райондордун жергиликтүү бюджеттери жоюлгандыгына байланыштуу:
1. Мурда райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик мекемелер республикалык бюджеттен каржылоого тиркемеге ылайык (1-8) тиешелүү министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун карамагына өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик мекемелердин финансылык операцияларын жүргүзүүнү 2012-жылдын январынан баштап токтотсун;
- 2012-жылдын 1-январына карата абалы боюнча райондордун жергиликтүү бюджеттеринин бюджеттик каражаттарынын 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн калдыктарын республикалык бюджеттин кирешесине которсун;
- мурда райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын 2012-жылдын 1-январына карата абалы боюнча калдыктарын республикалык бюджетке өткөрүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алганга чейин:
жалпы мамлекеттик салыктарды чегерүү нормативдери боюнча райондордун жергиликтүү бюджеттерине которулуучу кирешелер жана башка кирешелер республикалык бюджетке которулсун;
райондордун жергиликтүү бюджеттеринен республикалык бюджеттин каржылануусуна өткөрүлгөн бюджеттик мекемелерди каржылоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын бюджетинин өлчөмүнүн 1/12 бөлүгүндө жүргүзсүн.
3. Министрликтер жана администрациялык ведомство ушул буйруктун тиркемесине ылайык райондордун жергиликтүү бюджеттеринен мурда каржылануучу бюджеттик мекемелерди 2012-жылга республикалык бюджеттин долбооруна киргизүүнү эске алышсын.
4. Министрликтердин жана администрациялык ведомствонун жетекчилери өткөрүп берилген мекемелерди 2012-жылдын 1-январынан баштап каржылоо маселеси боюнча жоопкерчилик тартат.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул буйрук 2012-жылдын 9-январынан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
2-тиркеме
3-тиркеме
4-тиркеме
5-тиркеме
6-тиркеме
7-тиркеме
8-тиркеме