Редакцияот 16.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 16-февралы № 41-б

Кызматтык милдеттерин ак ниет аткарганы, жетишилген бийик натыйжалары үчүн жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун урматына:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:

Мусина Анаркүл Рашитовна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын өздүк курам менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башкы инспектору;

Керимбеков Уланбек Кеңешбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармасынын 3-оперативдик бөлүмүнүн (бажы кылмыштары боюнча) начальниги.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов