Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-марты № 92-б
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургундарына сугат суу менен камсыздоо боюнча колдоо көрсөтүү максатында, ошондой эле зарыл болгон атайын техника сатып алуу үчүн каражаттарды жыйноо боюнча марафондун жүрүшүндө жыйналган финансылык каражаттардын жетишсиздигине байланыштуу:
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200,0 (эки жүз) миң сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |