Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-марты № 98-б
1. "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" долбоорун Улуу Британия Өкмөтүнүн Эл аралык өнүктүрүү министрлиги тарабынан кошумча каржылоосу жөнүндө жана "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" долбоорун тең каржылоого Швейцария Өкмөтүнүн кошумча каржылоо гранты жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашуулардын тиркелген расмий тилдеги долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан жогоруда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |