Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-марты № 110-б
Үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун жана башкаруунун колдонуудагы методдорун өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:
социалдык блок боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору;
"Социум Консалт" консалтинг компаниясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлин реформалоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |