Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-марты № 111-б
Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагынын ачык-айкындыгынын демилгесинин (мындан ары - КТАД) принциптерин андан ары жүзөгө ашыруу, КТАДдын алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу жана КТАДдын кызыкдар тараптарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү максатында:
1. "Кыргызстанда Кен казып алуу тармагынын ачык-айкындыгынын демилгеси - улантуучу статусун алгандан кийинки фаза I" долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн донордук топтор каржылоочу Трасттык фонддун грантына (Грант № ТР099968) карата Макулдашуу-Каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашуу-Каттын долбооруна Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |