Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-октябры № 479-б
Элди Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына караштуу Мамлекеттик персоналаштыруу борборун (мындан ары - Мамлекеттик персоналаштыруу борбору) өз убагында ишке киргизүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына Мамлекеттик персоналаштыруу борборун ишке киргизүү жана иштешин камсыздоо максатында уюштуруучу-техникалык маселелерди чечүү үчүн оргтехниканы, мебелди жана башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-июнундагы № 252-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы "Пак энд ОПиСи" ("Раrk & ОРС", Корея Республикасы) компаниясына аталган Келишимдин алкагында адистерди окутуу, системалык программалык камсыздоону инсталляциялоо, эксплуатациялоого киргизээр алдындагы даярдоо, жабдууларды монтаждоо үчүн финансы каражаттарын иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча төлөөнү камсыз кылсын.".
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |