Редакцияот 09.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 9-октябры № 485-б

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуладагы "курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курууну каржылоону" деген сөздөр "курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункттагы "курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн муниципалдык турак жай куруу" деген сөздөр "курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев