Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-октябры № 494-б
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-24-октябрында өтүүчү Европа бирлигинин - Кыргыз Республикасынын Кызматташтык боюнча комитетинин он биринчи жыйынына жана Европа бирлиги - Кыргыз Республикасы Соода жана инвестициялар боюнча подкомитеттин он экинчи жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Европа бирлиги менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору - делегациянын башчысы;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, делегация башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскеринин командачысы;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жыйындарды уюштурууга жана өткөрүүгө материалдык-техникалык жардам көрсөтсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |