Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-октябры № 495-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Убышев Жумакадыр Убышевичтин ата-мекендик транспорт тармагынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун эске алып:
1. Бишкек - Торугарт автомобилдик жолунун Көк-Мойнок - Кувакы - Кочкор бөлүгүндө Убышев Жумакадыр Убышевичтин урматына арналган эскерүү стеласы орнотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте эскерүү стеласы орнотулуучу жерди аныкташсын.
3. Стеланы даярдоого жана орнотууга байланыштуу чыгымдар 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |