Редакцияот 12.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 12-октябры № 499-б

1. 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган, Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасындагы кредит берүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтү тараптан Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты чыгуучу кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдүн тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Байгөнчөков Мирлан Конушбековичке ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдүн долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев