Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-октябры № 511-б
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик материалдык резервде аштык буудайдын иш жүзүндө бар болгонун аныктоо менен байланышкан маселелерди чечүү максатында:
1. Мамлекеттик материалдык резервдеги аштык буудайдын бар болгонун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Давлеталиев Т.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун мамлекеттик жана мобилизациялык резервдерди башкаруу жана иштетүү бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.
|
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Хамитов А.П. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Буудайды экспертизалоо борборунун директору;
|
Кабылбеков М.Б. | - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча);
|
Асанбаев С.А. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаментинин атаандаштык бөлүмүнүн начальниги;
|
Мусаев М.М. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин агроөнөр жай комплекси, жаратылышты пайдалануу жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
|
Дүйшеев У.Э. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) Экономика жана финансы чөйрөсүндөгү укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын финансы чөйрөсүндөгү укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери;
|
Омкеев Ж.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун борбордук базасынын адиси. |
2. Ведомстволор аралык комиссия нан азыктарына болгон рыноктогу бааны турукташтыруу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн мамлекеттик материалдык резервдеги аштык буудайдын иш жүзүндөгү бар болгонун сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча аныктасын.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда жооптуу сактоочу-ишканаларда аштык буудайдын сакталышына сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча комплекстүү текшерүүнү жүргүзүүнүн процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жооптуу сактоочу-ишканаларда сакталган аштык буудайдын салмагын кайра өлчөөнү жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу үчүн 2012-жылга каралган бюджеттик каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |