Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-октябры № 514-б
Кытай Эл Республикасынын акчалай жардамынын эсебинен Ош шаарындагы социалдык турак үйдүн курулушун натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу максатында:
1. Республиканын 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуу каттарга Толуктоонун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директоруна жогоруда аталган Толуктоого принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |