Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-октябры № 521-б
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер М.К.Аммосовдун туулган күнүнүн 115 жылдыгына байланыштуу анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, ошондой эле Саха (Якутия) Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүн өткөрүүгө байланыштуу:
1. Бишкек шаардык мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- көрүнүктүү мамлекеттик ишмер М.К.Аммосовдун СССРдин эл сүрөтчүсү Т.Садыков жасаган эстелик-бюстун орнотууга жерди аныктоо;
- М.К.Аммосовдун эстелик-бюстун орнотуу, постаментин куруу жана ал жердеги аймакты жакшыртуу боюнча чараларды көрүү.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги:
- Саха (Якутия) Республикасынын Президенти башында турган делегациянын Кыргыз Республикасында болуусу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Саха (Якутия) Республикасынын делегациясынын катышуусу менен М.К.Аммосовдун эстелик-бюстунун салтанаттуу ачылыш аземин өткөрсүн;
- М.К.Аммосовдун туулган күнүнүн 115 жылдыгына арналган салтанаттуу кече жана Кыргыз Республикасынын жана Саха (Якутия) Республикасынын искусство чеберлеринин концертин уюштурсун.
3. Эстелик-бюстту жасоого, орнотууга, постаменттин курулушуна жана эстелик-бюст орнотулган аймакты абаттоого байланыштуу чыгымдар өтүнүч менен кайрылган тараптын эсебинен каржыланаары эске алынсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |