Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-октябры № 522-б
Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор жана Теңдик калктуу конуштарында кыртыш алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис-авариялык жумуштарды жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор жана Теңдик калктуу конуштарында кыртыш алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис-авариялык жумуштарды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 9135,1 (тогуз миллион жүз отуз беш миң бир жүз) сомду бир аптанын ичинде бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бөлүнчү каражаттын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын камсыздасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |