Редакцияот 02.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 2-ноябры № 528-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдардагы финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдардагы техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине ушул макулдашуулардын долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев