Редакцияот 08.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 8-ноябры № 536-б

1. Кыргыз Республикасы менен Азиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасынын чек ара кызматын жакшыртуунун региондук долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

 

Лаврова О.В.

- Кыргыз Республикасынын финансы министри, расмий делегациянын жетекчиси;

 

Муканбетов С.Т.

- Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, расмий делегациянын жетекчисинин орун басары;

 

Абдыгулов Т.С.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

 

Байгончоков М.К.

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

 

Оторбаев Э.М.

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

 

Кулматов К.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

 

Тиленов З.К.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин кол башчысы;

 

Жакыпов К.Д.

- Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы «Тышкы саясат чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

 

Мурзаев К.С.

- Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;

 

Токтоматов Н.Т.

- Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин инвестициялар башкармалыгынын донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы.

 

2. Расмий делегациянын жетекчисине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Биринчи вице-премьер-министр

Ж. Оторбаев