Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-декабры № 572-б
Терроризмге каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүү максатында:
1. "Укук үстөмдүгүнүн принциптерине ылайык терроризмге каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жазык сот адилеттик системасынын дареметин чыңдоо" ХАС/Х50 расмий тилде тиркелген долбоордук документ (мындан ары - долбоордук документ) жактырылсын.
2. Долбоордук документти аткаруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары - Террорго каршы борборунун директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан долбоордук документке кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |