КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-ноябры № 551-б
Экономиканын расмий эмес секторун эсепке алуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу максатында:
1. Комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика министри. комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия экономиканын расмий эмес секторунун өндүрүшүнүн структурасын жана көлөмүн изилдесин жана 2012-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө экономиканын расмий эмес секторун эсепке алуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын.
3. Комиссияга зарыл болгон учурда белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттерди жана консультанттарды тартууга жана убактылуу эксперттик жана жумушчу топторду түзүүгө;
- талап кылынган маалыматтарды мамлекеттик башкаруу органдарынан сурап алууга;
- өзүнүн жыйындарына мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин чакырууга жана көмүскө экономиканы легалдаштыруу менен байланышкан маселелер боюнча алардын отчетторун угууга.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Комиссиянын ишин уюштуруучулук жана методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |