Редакцияот 26.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 26-ноябры № 558-б

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фондусунун ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Лаврова О.В.

- Кыргыз Республикасынын финансы министри, расмий делегациянын жетекчиси;

 

Исаков Э.Б.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Баатырбеков А.Б.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

 

Сабиров М.Э.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

 

Байгөнчөков М.К.

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

 

Жумалиев А.Т.

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

 

Кенжетаева А.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин атташеси;

 

Мурзаев К.С.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;

 

Айылчиев М.А.

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу секторунун башкы адиси.

 

2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев