Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-ноябры № 562-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Жогорку-Нарын гидроэлектр станциялар каскадын жана Камбар-Ата 1-ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата 1-ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларда каралган карыз жөнүндө келишимдердин долбоорлорун даярдоо боюнча төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ар-Намыс" фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Журт" фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын УЭТ" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата 1-ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларда каралган карыз жөнүндө келишимдердин долбоорлорун иштеп чыксын жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин жана ведомстволордун, энергиялык компаниялардын кызматкерлерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |