Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-декабры № 563-б
1. Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнү жүргүзгөн компетенттүү органдарды материалдык-техникалык камсыз кылуудагы кызматташтык жөнүндө КМШга катышкан мамлекеттердин макулдашуусунун жана КМШга катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын окуу жайларында террорго каршы бөлүмдөрдүн адистерин даярдоодогу кызматташтык жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Ж.К.Оторбаевге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган макулдашууларга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |