Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-апрели № 143-б
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча макулдашуунун жана "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" баштапкы долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (МАРдын № Н358-КG гранты) долбоорду өнүктүрүү максатында аны жабуу датасын узартуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кошумча-каттын расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга жана Макулдашууга кошумча-катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |